04:12
USD 87.45
EUR 91.14
RUB 0.89

Быйыл Эгемендүүлүк күнүнө карата негизги иш-чаралар Жалал-Абадда өтөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында облусту өнүктүрүү маселелери боюнча жыйын өткөрдү.

Өкмөт башчы белгилегендей, президенттин тапшырмасы менен быйыл 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоону Жалал-Абад облусунда өткөрүү пландалууда.

Жыйындын жүрүшүндө масштабдуу майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүү маселелери талкууланып, программанын долбоору сунушталды.

Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылы Жалал-Абад облусунда Эгемендүүлүк күнүнө карата 30дан ашуун ишкана, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди ачуу пландалууда.

Адылбек Касымалиев ошондой эле Жалал-Абад шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан ишке ашырылып жаткан турак жай комплекстеринин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Батирлер «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларына «Социалдык ипотека», «Жеңилдетилген ипотека», «Жеткиликтүү ипотека» багыттары боюнча, ошондой эле үлүштүк турак жай куруу механизминин алкагында берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG