Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын «Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак» илимий-изилдөө институтуна өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы статусу берилди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Ботаникалык бактын жер участоктору: Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 1а дарегинде жайгашкан, аянты 127,0 га болгон жер участогу, Бишкек шаары, М. Горький көчөсү, 135/212 дарегинде жайгашкан, аянты 20,15 га болгон жер участогу; Нарын шаары, Ленин көчөсү (н/ж) дарегинде жайгашкан, аянты 4,17 га болгон жер участогу «Калктуу конуштардын жерлери» категориясынан «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери» категориясына которулду.
Улуттук илимдер академиясына өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын режимин талаптагыдай сактоону камсыз кылуу тапшырылды.
Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак — Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия-инженерия, медицина-биология жана айыл чарба илимдер бөлүмүнүн илимий-изилдөө институту. 1938-жылы март айында түзүлгөн. 1964-жылы ага илимий-изилдөө институту статусу берилген.
Бакчада төрт лаборатория бар: жыгач жана бадалдуу өсүмдүктөр, гүл жана декоративдүү өсүмдүктөр, жемиш өсүмдүктөрүнүн биологиясы жана өсүмдүктөрдүн туруктуулугунун физиологиясы.
Өзүнүн түр курамынын байлыгы боюнча Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакча Борбор Азияда биринчи орунда, КМШда алдыңкы орунда турат.