20:44
USD 87.45
EUR 91.29
RUB 0.95

Социал-демократтар партиясынын дагы бир мүчөсү камакка алынды. Милиция үн катты

Социал-демократтар саясий партиясынын мүчөсү Анарбек Катаганов добуш сатып алуу иши боюнча күбө катары суракка чакырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, Кадырбек Атамбаев өзүнүн Facebook баракчасында укук коргоо кызматкерлери КСДПнын мүчөсү Анарбек Катагановду кармаганын билдирген.

«2025-жылдын 12-январь күнү Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси («Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу») менен козголгон кылмыш ишинин алкагында 1982-жылы туулган А.К. күбө катары чакырылып, өзү чакырган жактоочунун катышуусунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамынын талаптарына ылайык тергөө аракеттери жүргүзүлдү», — деп айтылат расмий билдирүүдө.

Эске салсак, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрынан бери камакта. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин «Шайлоочулардын добушун сатып алуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы бул ишке жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын 17-ноябрда өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен. Партия өкүлдөрү айыпты четке кагып, «саясий куугунтук» деп баалап келет.

Эң көп окулган жаңылыктар