01:34
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

УКМК Азиз Суракматовду камакка алуунун чоо-жайын айтып берди

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов коррупция жана мыйзамсыз баюуга шек саналып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 27-майда кабарлап, курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө элиталык көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн муниципалдык жер тилкелери берилгени боюнча коррупциялык жана мыйзамсыз баюу фактылары аныкталганын маалымдады.

Атайын кызмат Азиз Суракматов мэрияда жетекчи кызматтарда иштеген учурда башкалар менен жең ичинен иш бүтүрүп, коррупциялык схема түзгөнүн билдирүүдө. Териштирүү иштеринин баштапкы маалыматтарына ылайык, экс-мэрдин байлыгы $50 миллионго бааланды.

26-майда колго түшкөн Азиз Суракматов УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Учурда ага катышы бар башка кишилердин мүлктөрүн аныктоо иштери жүрүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар