02:58
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Президент Чек ара кызматынын жетекчилигин камакка алуу тууралуу үн катты

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жемкорлукка шек саналып кармалышын коррупцияга каршы аеосуз күрөштүн жыйынтыгы деп атады. Мындай пикирин 21-октябрда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айыл өкмөт башчыларынын республикалык кеңешмесинде айтты.

Жапаров өз пикирин Мамлекеттик чек ара кызматынын жектекчи кызматында иштегендердин, президенттик администрациянын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысынын кармалышы менен негиздеди.

Бир күн мурун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) алдындагы Мамлекеттик чек ара кызматынын бир катар жетекчилери паракорлукка шек саналып кармалган. 18-октябрда президенттик админстрациянын өкүлү 170 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганы кабарланган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума