Январь айында Кыргызстанда бензиндин баасы арзандады. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди.
Анын айтымында, күйүүчү майдын баасы эки эсеге арзандады.
«2024-жылдын декабрь айында бензин 3 сомго, 2025-жылдын январында 4-5 сомго арзандаган. Бул калган күйүүчү-майлоочу майларды сатуу үчүн сезондук арзандатуулар», — дейт Канат Эшатов.
Ошол эле маалда нефтетрейдерлердин божомолуна ылайык, Орусияда жаңы жылдык майрамдардан кийин күйүүчү-майлоочу майдын баасы кайрадан кымбаттайт.