Бүгүн, 30-декабрда президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 71-беренесине ылайык министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Сыдыгалиев Адыл Бабанович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Усенов Алмазбек Жумабекович министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды.