2025-жылдын 1-январынан баштап пландаштырылган транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу полиси (ОСАГО) жок болгондугу үчүн айыптарды киргизүү 2025-жылдын 1-июлуна жылдырылды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду.
Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1 миллион 690 миң унаа катталган, анын 108 миң 500ү гана камсыздандырылган.
Экономика жана коммерция министрлиги автоунааларына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) полисин албаган айдоочуларга айып пулду 1-июлдан тарта салууну сунуштаган.
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин албаган жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салынат.