23:55
USD 87.45
EUR 91.60
RUB 0.96

Актауда учак кырсыгы. Бүгүн Ринат Асанов Бишкеке жеткирилет

Кыргызстандын жараны Ринат Асановду мекенине жеткирүү үчүн бардык керектүү медициналык жабдыктары менен медициналык топ Актау шаарына учуп кетти. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.

Актауда авиакырсыктан оор жаракат алган Ринат Асанов кечээ өзүнө келген. Бейтапты алып келүү КР саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы
Фото Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Эскерте кетсек, 25-декабрда Баку-Грозный багыты боюнча учкан Азербайжан аба жолдорунун учагы Орусияга конуу аракети ишке ашпай калгандан кийин шашылыш учуп бараткан Актау аэропортуна жакын жерде кулап түшкөн. 38 адам каза болуп, 29 аман калганы ооруканага жаткырылды. Жабыркагандардын арасында Кыргызстандын үч жараны бар.

Эң көп окулган жаңылыктар