Транспорт жана коммуникациялар министри ведомствонун бөлүмдөрү 2024-жылы кандай иштерди аткарганы тууралуу айтып берди. Абсаттар Сыргабаевдин айтымында, 1 миң чакырымдан ашык жол оңдолуп, 800 чакырымга асфальт төшөлүп, 15 көпүрө курулуп, 453 атайын техника алуу менен автопарк толукталды.
Ал Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталып, Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун узундугу 35 чакырымга чейин узартылганын эске салды. Мындан тышкары аэропорттун учуп-конуу тилкелерине асфальт төшөлүп, автобекеттерди оңдоо иштери жүрүп, туристтик жайларга баруучу жолдор жакшыртылууда.
Транспорт министрлигинин башчысы ошондой эле транспорттук көзөмөлдөн түшкөн кирешенин натыйжасында 112 миллион сом түшкөнүн, 100 миңден ашык уруксат кагаздары берилгенин белгиледи.
«Сосновка» өткөрүү пунктунда QR-код аркылуу төлөм системасы киргизилип, Төө-Ашуу ашуусуна кошумча камералар орнотулду", — деп кошумчалады ал.