00:02
USD 87.00
EUR 90.59
RUB 0.87

Камчыбек Ташиев 2025-жылы Баткенде 1,2 миң батирдин курулушун бүтүрүүнү тапшырды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунда  ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен таанышып, келерки жылы 1,2 миң батирдин курулушун бүтүрүүнү тапшырды

Маалыматка караганда, облуста жалпысынан 37 квартал турак жай курулуп жатат. Анда 2364 батир болот.

Камчыбек Ташиев келе жаткан жылдын күз айларына чейин 1,2 миң батирдин курулушун бүтүрүп, тургундарга берүүнү тапшырды.

«2026-жылы бардык 5 миң батир (анын ичинде кызматтык батирлер) бүтүшү керек. Үйлөрдү курууда сапатты жана ыңгайлуулукту эске алуу керек. Жер астындагы унаа токтоочу жайларды, балдар аянтчаларын, эс алуучу зоналар менен камсыз кылуу керек. Фасадды сапатсыз материалдар менен кооздоп, эки-беш жылдан кийин кулап калбагыла. Сапатка чоң көңүл бургула», — деди Камчыбек Ташиев.

Эң көп окулган жаңылыктар