15:41
USD 87.00
EUR 91.26
RUB 0.84

Бакыт Сыдыков Экономика жана коммерция министри болуп дайындалды

Бакыт Сыдыков Экономика жана коммерция министри болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Сыдыков Бакыт Толомушевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, экономика жана коммерция министри болуп дайындалды.

Эске салсак, 46 жаштагы Бакыт Сыдыков мамлекет башчынын аппаратынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүн жетектеп, ошондой эле КР Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин Байкоочу кеңешинде президенттин атынан өкүл болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар