10:16
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Быйыл Кыргызстан менен Орусиянын соода жүгүртүүсү 3 миллиард доллардан ашты

2024-жылдын он айында Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүү 3 миллиард доллардан ашты. Мындай маалыматтар Улуттук статистика комитетинин материалдарында камтылган.

Россиялык товарлардын Кыргыз Республикасына импорту көрсөтүлгөн мезгил ичинде 15,4 пайызга (2,1 млрд долларга чейин) өскөн.

Кыргызстандан Орусияга товарлардын экспорту 46,3 пайызга (937,4 миллион долларга чейин) өстү.

Белгиленгендей, Россия Федерациясы Кыргыз Республикасынын Кытайдан кийинки эң ири соода өнөктөшү бойдон калууда.

Эң көп окулган жаңылыктар