Эл аралык бокс федерациясы (IBA) кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулуна Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында 2-орун үчүн 50 миң доллар ыйгарды.
Эске сала кетсек, Мунарбек Сейитбек Улуу 57 килограммга чейинки салмак ченинде аталган оюндардын күмүш байге утуп алган.
Буга чейин IBA көрсөткөн жыйынтыктар үчүн Мунарбек Сейитбек уулуна акчалай сыйлык берилерин билдирген. Бокс боюнча олимпиадалык мелдештин күмүш байгесине 25 миң доллар, дагы 25 миң доллар машыктыруучу менен Кыргызстандын бокс федерациясынын ортосунда бөлүштүрүлө турганы айтылды.
Кечээ Дубайда IBA форуму өтүп, анда Париж оюндарынын жеңүүчүлөрүнө убада кылынган акчалай сертификаттар тапшырылды.
Мунарбек Сейитбек уулу 28 жашта, ал Ош облусунун Өзгөн районунан болот. Ал сегиз жашында бокс менен машыгып баштаган. ОшМУнун дене тарбия факультетин бүтүргөн.
Парижде өткөн Олимпиада оюндарында Мунарбек 57 килограммга чейинки салмак ченинде күмүш медаль тагынып, кыргыз боксунун тарыхында биринчи болуп Оюндардын медалын алган.