22-июнда Токмок шаарындагы «Гавайи» эс алуу борборунун аймагында 22 адамдын катышуусунда ок атуу менен коштолгон жаңжал орун алды.
Чүй облустук ИИББдин маалыматы боюнча, жаштар арасындагы пикир келишпестик өз ара оозеки кагылышуудан башталып, кийинчерээк мушташка айланган. Андан соң окуянын катышуучулары бири-бирин унаалар менен кууп жөнөшкөн. Күбөлөрдүн айтымында, куугунтук учурунда ок атылган үндөр угулуп, унааларга таш ыргытышкан.
Окуянын кесепетинен «Mercedes-Benz Sprinter» үлгүсүндөгү кичиавтобус жабыркаган: анын айнектери жана каптал күзгүлөрү сынган.
Бул факты боюнча «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөө иштеринин алкагында беш унаа убактылуу кармалып, айып короосуна токтотулду.

