Коррупция, алдамчылык жана документтерди жасалмалоо менен күрөшүү боюнча системалуу иш-чаралардын алкагында юрист Самат Матсаков УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз борбору билдирди.
Тергөөнүн жүрүшүндө Самат Матсаков сот тармагындагы байланыштарын пайдаланып, 22 миң долларды ээлеп алганы аныкталган.
«Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тергөө учурунда дагы бир кылмышты аныктап, каттоого алган: мыйзамсыз аракеттерди жашыруу максатында адвокат жасалма документтерди жасаган. Буга байланыштуу Башкы прокуратура экинчи кылмыш ишин козгоду. 2024-жылдын 30-ноябрында Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Самат Матсаков камакка алынып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Тергөө иш-чаралары уланууда», — деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, Самат Матсаков акын Аскат Жетигендин кызыкчылыгын коргоп, аны сот бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган деп таап, үч жылга эркинен ажыраткан. Ал Temirov Live телеканалынын журналисттери Актилек Капаров менен Акыл Орозбековдун жана KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун адвокаты болгон.