Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев медицина тармагындагы коррупцияга токтолду.
Анын айтымында, жакында атайын кызмат беш дарыгерди кармаган.
«Бизге аларды бошотууну суранышты, анткени алар операцияларды жүргүзүү керек экен. Мындайда катуу, бирок адилеттүү чечим кабыл алынышы керек. Мен беш жылдан бери коррупция менен күрөшүп келем, чынын айтсам чарчадым. Коррупционерди камайсың, ал соттун чечими боюнча белгилүү бир сумманы төлөйт, бүттү. Биз сот системасынан, прокуратурадан, укук коргоо органдарынан бир дагы адамды реалдуу мөөнөткө камай алган жокпуз», — деди Камчыбек Ташиев.
Белгилей кетсек, бүгүн УКМКнын төрагасы коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда депутаттарга алып чыкты.