14:20
USD 87.00
EUR 91.29
RUB 0.84

«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков ачкачылык жарыялады

Темирлан Султанбеков 13-ноябрда укук коргоо органдары камакка алгандан кийин дароо эле ачкачылык жарыялаган. Бул тууралуу «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Кадырбек Атамбаев адвокаттарга шилтеме берүү менен Фейсбук баракчасына билдирди.

Анын айтымында, Темирлан Султанбеков ушундай жол менен «өзүнө каршы болуп жаткан мыйзамсыздык үчүн» нааразычылык билдирип жатат.

Эске сала кетсек, 13-ноябрда аталган саясий партиянын штабында тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы социалдык түйүндөрдө Аппарат жетекчисинин ортосундагы сүйлөшүүнүн аудиожазуусу пайда болгондон кийин КР Кылмыш-жаза кодексинин «Добуштарды сатып алуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Социал-демократтар партиясынын өкүлү Ирина Карамушкина менен талапкер Данияр Чолпонбаев 2024-жылдын 17-ноябрында өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуштарды сатып алуу маселесин талкуулашкан.

Милициядан 24.kg басылмасына билдиришкендей, жалпысынан партиянын 10 мүчөсү суракка чакырылган. Социал-демократтар фракциясынын лидери Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бир күн мурун КСДП Бишкек шаардык кеңешине шайлоодон добуштарды сатып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонуна байланыштуу четтетилген.

Эске сала кетсек, 6-сентябрда президенттин «Жергиликтүү кеңештерди таратуу жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгы чыккан. 17-ноябрда 33 шаардык жана 231 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар