07:13
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Камчыбек Ташиев: «Мамлекет эч бир партияны же талапкерди колдобойт»

Жогорку Кеңештин бүгүн, 14-ноябрдагы жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекет шайлоону ачык жана таза өткөрүү үчүн бардык аракеттерди жасаганын айтты.

«Биз партияларды жана талапкерлерди текшердик. Республика боюнча 30га жакын арыз ээси уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар жана мурда жасалган кылмыштарга катыштыгы бар болгондуктан каттоосу жокко чыгарылган. Бирок баарын 100 пайыз тазалоо кыйын. Ошондуктан азыркы талапкерлердин арасында таза эместер да болушу мүмкүн», — деди ал.

Камчыбек Ташиев ошондой эле алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо мамлекет административдик ресурсту колдонууга жол бербей турганын белгиледи. «Бүгүнкү күндө мамлекет эч бир партияны же талапкерди колдобойт. Эл өзү колдоп, өзү шайласын», — деп кошумчалады ал.

Эске сала кетсек, 6-сентябрда президенттин «Жергиликтүү кеңештерди таратуу жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгы чыккан. 17-ноябрда 33 шаардык жана 231 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар