Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев кеңейтилген жана жаңыланган Ош-Ноокат унаа жолун ачты. Бул тууралуу Ош облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага ошондой эле Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, транспорт жана коммуникация министри Абсаттар Сыргабаев, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары жана жергиликтүү тургундар катышты.
Камчыбек Ташиев белгилегендей, бул жолдун курулушу он жылдан ашык убакыт мурун башталган, бирок аягына чыга албай калган.
«Мунун айынан Ноокат менен Баткендин тургундары жапа чеккен. Президент бизге каттамдын курулушун быйыл бүтүрүү тапшырмасын берди. Үч ай мурун мен бул жерде болуп, тиешелүү бөлүмдөрдүн жетекчилери менен жолуккан элем. Бүгүн Ош-Раззаков унаа жолунун Ноокат бөлүгүн ачып жатабыз», — деди ал.
Элчибек Жантаев бул жолдун абалы кейиштүү экенин, унаа тыгындарынан тышкары эл үчүн ыңгайсыздыктарды жаратканын белгиледи. Анын айтымында, 2023-жылы облуста 112,6 чакырым жолго асфальт төшөлөт. 2024-жылдын тогуз айында 99,11 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Анын 17,53 чакырымы Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун Ноокат участогу. Бул жолдун калган бөлүгү 2025-жылы бүтөт.
Эл аралык маанидеги курулган жол төрт тилкелүү. Ал жерде жарыктандыруу, ирригация, трассаны жана тротуарларды жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.
Кошумчалай кетсек, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 63чү жана 43-чакырымдарында Абшыр-Сай жана Чили-Сай көпүрөлөрү курулган. Кыркол-Сай көпүрөсүнүн курулушу 80 пайызга бүттү.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын июль айында УКМКнын башчысы Ноокаттагы жол жана көпүрөнүн курулушун октябрь айына чейин бүтүрүү тапшырмасын берген.
Былтыр 30-августта Транспорт министрлигинин мурдагы жетекчиси Тилек Текебаев Ош-Баткен-Раззаков (Ноокат) унаа жолун асфальттоо иштери аяктаганын билдирген. Бирок анда аталган башкармалык 47 чакырым жолдун 13 чакырымын гана курган.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Япония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) Ош-Баткен-Раззаков автожолунун курулушуна 133,58 миллион доллар бөлгөн. Анын 50 миллион доллары Ноокаттагы жолдун курулушуна (28-чакырымдан 75-чакырымга чейин).
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Айбек Осмонов донорлор буга чейин 110 миллион доллар бөлүп бергени менен Транспорт министрлиги трассаны курууга беш жылдан бери тендер өткөрбөй келгенине нааразы болду. Андан соң башкармалыктын башчысынын орун басары Ырысбек Бариев Ноокат шаарына мамлекеттик бюджеттин эсебинен 13 чакырым жол курууну чечтик деп жооп берди.