16:14
USD 85.80
EUR 92.87
RUB 0.89

Түндүк-түштүк жаңы жолу качан ачылат? Транспорт министрлигинин жообу

Ысык-Көл менен Жалал-Абаддын ортосундагы түндүк-түштүк жаңы жолун пайдаланууга берүү 2025-жылдын жаз айына пландаштырылган. Бул тууралуу транспорт министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев брифингде билдирди.

Ал белгилегендей, учурда Көк-Арт ашуусундагы тоннелдин курулушу боюнча жумуштардын 95 пайызы бүттү. Ал иштер ноябрь айына чейин бүткөрүлмөкчү.

Аткаминердин айтымында, жаңы каттамдын жалпы узундугу 453 чакырымды түзөт.

Түндүк-түштүк альтернативалык жолунун курулушу 2014-жылы башталган. Долбоордун баасы 850 миллион долларды түзөт, анын автору «Кыргыздортранспроект» ишканасы.

Эң көп окулган жаңылыктар