Кыргызстандык Асан Жанышов Албанияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгы билдирди.
Кыргызстандык спортчу 87 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан.
1/16 финалда венесуэлалык балбан Брайан Руис Маринди 10:1 эсебинде жеңсе, 1/8 финалда Армениядан келген атаандашы Виген Назарянды 6:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты.
Чейрек финалда Асан Жанышов украиналык балбан Владислав Дягилевду 6:0 эсебинде жеңип, жарым финалда орусиялык Ауес Гонибошко менен беттешип, жеңилип калды.
Коло үчүн күрөштө кыргызстандык америкалык Пэйтон Джейкобсонду жеңип алды.