16:06
USD 85.80
EUR 92.87
RUB 0.89

Энергетика министрлиги: Кыргызстанда эки кен жеринде мунай казыла баштады

Кыргызстанда Түндүк Сох жана Чоң Кара-Калча кендеринде мунай казыла баштады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, ушул жылдын аягына чейин бул жерде 20 скважинаны ишке киргизүү пландалууда.

Эске салсак, буга чейин Баткен облусунун Кадамжай районунда кубаттуулугу суткасына 500 тонна мунай иштетүүчү заводдун курулушу аяктап жатканы маалымдалган. Мунай өндүрүү жана кайра иштетүүнүн башталышы менен 350-400 жаңы жумуш орундары түзүлөт. Жалпы инвестициянын көлөмү 90 миллион долларды түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар