18:01
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Казакстан Азербайжан аркылуу мунай экспортун көбөйтүүнү пландоодо

Казакстан Азербайжан аркылуу мунай экспортунун көлөмүн көбөйтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу казак президенти Касым-Жомарт Токаев Астанада азербайжандык кесиптеши Ильхам Алиев менен жолуккандан кийин билдирди.

«Буга чейинки сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында быйыл Азербайжан аркылуу казак мунайынын алгачкы партиясы жөнөтүлгөнүн билесиңер. Кийинки кадам — анын көлөмүн көбөйтүү жана узак мөөнөттүү, туруктуу кылуу. 2022-2027-жылдары Орто коридорду өнүктүрүү боюнча «жол картасын» натыйжалуу ишке ашыруу чоң мааниге ээ. Биз бул каттамды инфраструктуралык жактан өнүктүрүүгө үчүнчү өлкөлөрдү тартуу боюнча макулдаштык», — деди Токаев.

Анын айтымында, бул чара Чыгыш — Батыш багыты боюнча жүк жеткирүүнүн «туруктуулугун жана ыкчамдуулугун» кепилдеши керек.

Буга чейин Каспий деңизиндеги Актау портунан 6,9 миң тонна чийки казак мунайы жүктөлгөн танкер Бакуга жеткирилгени кабарланган.

Орто коридор деген аталыш менен белгилүү Транскаспий эл аралык транспорттук каттам — Кытайдан Казакстан, Каспий деңизи, Азербайжан, Грузия, Түркия жана Украина аркылуу Европага бар турган 6 500 чакырым узундуктагы автоунаа, темир жол жана порттор түйүнү.

Быйыл февралда Казакстандын энергетика министринин орун басары Асет Магауов өлкө Азербайжан аркылуу мунай экспортун 15 миллион тоннага чейин көбөйтүүгө ниеттенип жатканын билдирген. Бул максатта Транскаспий эл аралык транспорттук каттамдын мунай экспортто бөлүгүн өнүктүруү үчүн жумушчу топ түзүлгөн.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Казакстанга расмий сапары менен 10-апрелде барган. Расмий ЖМКлар эки президенттин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Казакстан менен Азербайжандын Мамлекеттер аралык жогорку кеңешин түзуү тууралуу протоколго кол коюлганын кабарлашты.

Эң көп окулган жаңылыктар