03:27
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстанда дизель майы кымбатташы мүмкүн

Кыргызстанда жакынкы айларда дизель майынын кымбаттап кетүү тобокелдиги жаралууда. Бул туурасында Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынан кабарлашты.

Анын себеби — тиешелүү документтерге өз учурунда кол коюлбай калышы менен түшүндүрөт ассоциация өкүлдөрү.

Мунай зат негизинен Орусиядан келгендиктен өкмөт аралык макулдашуунун негизинде тиешелүү индикативдик баланс бекитилип, Кыргызстан бажы төлөмүсүз алып жүргөн. Аталган индикативдик баланс жыл сайын эсептелип, ага тараптар 1-октябрда кол коюшу шарт.

Маалыматта 2020-жылга аталган балансты макулдашууга узак убакыт кетип, документке эки ай кечигип, тагыраагы, 2019-жылдын декабрында кол коюлганы айтылган.

«Балансты келерки жылга алдын ала даярдоо боюнча 2020-жылдын 24-августунда Жер казынасын пайдалануу, энергетика жана өнөр жай комитетине мурдагы жылдардын жана 2021-жылга жасалган божомолдун маалыматтары жиберилген. Андан сырткары, ассоциация июнь айында аталган комитетке үстүбүздөгү жылдын индикативдик балансын кошумча карап берүү боюнча кайрылып, кат жөнөткөн. Бул кадам бажы алымысыз импорттолгон дизель майынын учурдагы темпинин көлөмү сентябрда түгөнүшү мүмкүндүгүнө байланыштуу жасалган. Мындан улам 2020-жылдын соңунда аталган продукция Кыргызстанга россиялык экспорттук бажы төлөмү менен келет. Аталган маселе чечилбеген бойдон кала берип, эми жакынкы айларда майдын кымбаттап кетүү тобокелдиги жаралууда», — деп айтылат маалыматта.

Ассоциациядан бул кырдаал боюнча сентябрдын башында өкмөткө кайрылып, 2021-жылга болгон индикативдик балансты өз учурунда бекитип берүүнү сурангандыгын билдиришти. Ал эми Кыргызстанга келерки жылы мунай заттарынын бажы алымысыз кирерине кепилдик болорун кошумчалашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума