17:32
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Баткен: Өзбекстан жана Тажикстанга мунай жана газ өткөн жок

Өзбекстан менен Тажикстанга мыйзамсыз мунай (газ) кирип жатат деп кооптонууга негиз жок. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматта, «Түндүк Сох» жана «Чоңкара галча» мунай жана газ чыгаруучу жайлары учурда токтоп тургандыгы айтылат. Бирок, кен Кыргызстанга өтө электиги белгиленет.
 
«Чек ара бул аймакта аныкталган. Бирок, жогоруда аталган мүлктөр кыргыз тарапка өтө электигине байланыштуу эч кандай скважиналарды иштетүү иш-аракеттери жүрө элек. Бул маселени чечүү боюнча Кыргызстан чек араларды делимитациялоо боюнча Өзбекстан менен Өкмөттөр аралык комиссияга талаптарды коюп келет», — дейт обладминистрация.
 
Белгилей кетсек «Союз мезгилинде Өзбек ССР тарабынан курулуп Өзбекстан казып алып, пайдаланып келген газ, мунай өндүрүүчү скважиналардын ээлеген жер аянттары Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагына караштуу жана жалпы ээлеген жер аянты 1400 гектарды түзөт.
 
Мунайды Өзбек Республикасына таандык «Фергана Нефти» (учурда «Андижаннефти» АК) 1950-жылдан 2011-жылдын 21-майына чейин иштетип келген. СССР маалында 108 скважина иштеп, СССР таркагандан кийин жараксыз болгон скважиналарды өзбек тарап бузуп алып кетип, 2011-жылы 18 скважина калган. Алардын ичинен 9 скважина бузук абалда, 9 даанасы оң абалда болуп 2011-жылдын 21-майынан бери токтоп турат.
 
Газ сактоочу жайлар боюнча 1950-жылдан мунайдан бошотулган тереңдиги 400-1350 метрге чейинки пласстарга газды камап 1 млрд 5 млн метр куб газды Фергана өрөөнүн жана Ак-Турпак айыл аймагынын Жаңы-Жер, Миң-Чынар, Жаш-Тилек айылдарын газ менен камсыздап турган. Бирок учурда газ жок.
Узтрансгазга таандык № 1,2,3 ГРП ишканасында 108 газ сактоочу жайлары иштеп турган.
 
 
 
Эң көп окулган жаңылыктар