08:13
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Германия орус мунайын америкалык мунайга алмаштыра баштады

Бир айдын ичинде америкалык мунай жүктөлгөн экинчи танкер Луизиана штатынан Германиянын Росток портуна жөнөп кетти. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, Ise Princess деп аталган танкерде 570 миң баррель мунай бар.

АКШнын мунайы Норвегиядан, Жакынкы Чыгыштан жана Батыш Африкадан экспорттолуп жаткан күйүүчү майга кошулуп, Германияга «Дружба» түтүгү аркылуу келип жаткан орус мунайынын ордун толтурушу керек. Европа биримдиги (ЕБ) жыл аягына чейин Орусиядан импорттолгон мунайды 90% кыскартууга ниеттенип жатат.

Мексика булуңунда өндүрүлгөн Mars үлгүсүндөгү мунай курамы жагынан Орусиянын Urals мунайына окшош. Августтун башында Росток портуна келген америкалык мунайдын алгачкы партиясы мунайды кайра иштетүүчү PCK Schwedt заводуна жеткирилген. Бул заводдун акцияларынын көбүнө ээлик кылган орусиялык «Роснефть» компаниясы өткөн жумада Германияда күйүүчү май кымбаттай турганын эскертип, бул мунай деңиз аркылуу импорттолуп жатканына байланыштуу экенин билдирген.

Июнь айынын башынан бери АКШда өндүрүлгөн мунайдын баррелинин баасы 122 доллардан 87 долларга чейин төмөндөдү. Ошол эле маалда мунай өндүрүү дээрлик 12 миллион баррелге жетип, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20% өстү. Быйыл июнда АКШ күнүнө 3,5 миллион баррель мунай өндүрүп, рекорддук көлөмдө күйүүчү май экспорттогон.

Эң көп окулган жаңылыктар