02:26
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Мектептердин тамак-ашына бюджеттен дээрлик 1,5 миллиард сом каралган

Мектептердин тамак-ашына быйыл бюджеттен дээрлик 1,5 миллиард сом каралган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, бул максаттарга республикалык бюджеттен 1 миллиард 495,9 миллион сом бөлүнгөн.

Буга чейин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Айнура Кусеинова дээрлик 245 миң окуучу ысык тамаксыз калганын билдирген.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө республиканын 300 билим берүү мекемесинде 244 миң 933 окуучу ысык тамак менен камсыздалган эмес.

Айнура Кусеинова кеп типтүү билим берүү мекемелеринде эмес, ашканасы жок же ремонту, ичүүчү таза суусу жок мектептер жөнүндө болуп жатканын тактады.

Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы өлкөдөгү 920 билим берүү мекемесине мектеп тамагын уюштурууда, ал эми Мерсико 900 мектепке колдоо көрсөтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар