16:16
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кытайда бокс боюнча мелдеште кыргызстандыктар жети медалга ээ болушту

Бокс боюнча Кыргызстандын курама командасы Үрүмчүдөгү турнирде жети медаль жеңип алды. Бул тууралуу КРнын спорттун бул түрү боюнча федерациясы социалдык тармактарда билдирди.
Маалыматка ылайык, Анвар Ходжиев, Санжар Сейдакматов жана Алмаз Орозбаев өз салмак категорияларында алтын медалга ээ болушту.
Ал эми коло медалды Ислам Төрөбаев (57 кг чейин), Мирзахид Имамназаров (63,5 кг чейин), Сагын Сатыбалды уулу (80 кг чейин) жана Бакыт Токтосун уулу (92 кг чейин) алышты.
Эң көп окулган жаңылыктар
10-октябрь, бейшемби