20:50
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Накталай төлөмдөргө жол кире канчага көтөрүлөт? Мэриянын жообу

24.kg басылмасына мэриянын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынан билдиришкендей, алар накталай төлөмдөр үчүн жол кирени 40 сомго чейин көтөрүү мүмкүнчүлүгүн карап жатышат.

Башкармалыктын жетекчисинин орун басары Бакытбек Сарымсаков бул жүргүнчүлөрдү накталай эмес төлөмгө өтүүгө үндөө максатында жасалып жатканын баса белгиледи.

Мындан тышкары, бир билетке белгилүү бир убакыттын ичинде которууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берген тарифти киргизүү сунушталууда.

Муниципалитет үч сапар үчүн 1,5 саатка жарактуу деп эсептейт. «Башкача айтканда, жол киренин биринчисин төлөгөн жүргүнчүгө дагы эки которуу бекер болот», — деп түшүндүрдү Бакытбек Сарымсаков.

Белгилей кетсек, Бишкек мэриясы накталай төлөгөндө жол кирени көтөрүүнү сунуштоодо. Ал ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жана кызыкдар тараптардын сунуштарын чогултуу жөнүндө билдирүүнү жарыялады.

Эскерте кетсек, шаардагы коомдук транспорттун жол кире акысы акыркы жолу 30-январда көтөрүлгөн. Учурда борбор калаанын тургундары жана коноктору накталай 20 сомдон, накталай эмес төлөмдөр 17 сомдон төлөшөт.

Эң көп окулган жаңылыктар