19:22
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

2025-жылы Бишкектин кайсы конуштары газдаштырыла турганы айтылды

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 2025-жылы Бишкектин кайсы конуштарын газдаштыруу пландалып жатканын айтты. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, «Газпром Кыргызстан» ААКсы Эне-Сай конуштарын, Арча-Бешик жана Селекциянын бир бөлүгүн газдаштыруу долбоорлорун иштеп жатат.

Министр 2024-жылы Арча-Бешиктин бир бөлүгү, Бакай-Ата, Төкөлдөш жана Новопавловка айылы газдаштырыларын билдирди. Ошондой эле алар Ак-Босого конушунда газ менен камсыз болушат.

Министрдин айтымында, «Газпром Кыргызстан» бул үчүн 2024-жылга 1 млрд сом бөлүп берген.

Эң көп окулган жаңылыктар