17:18
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Жергиликтүү шайлоо. Айылдык кеңеш талапкерлеринин шайлоо күрөөсү жокко чыгарылды

Борбордук шайлоо комиссиясында алдыдагы жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо боюнча саясий партиялар менен жыйын өттү. Бул тууралуу анын басма сөз кызматы билдирди.

Партия өкүлдөрүнө талапкерлерди көрсөтүү процессине жана шайлоо өткөрүүнүн тартибине байланыштуу мыйзамдардагы негизги өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берилди. Тактап айтканда, саясий партиялар үчүн шайлоо босогосун 7 пайыздан 5 пайызга чейин төмөндөтүү, кеңешке мандаттарынын санына барабар санда (мурда 1,5 эсе көп) талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө боюнча маселелер каралды.

Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсү жоюлду, бул жарандардын кеңири катмарынын катышуусун жеңилдетет

Фонддор үчүн финансылык ачык-айкындуулуктун бардык эрежелери өзгөрүүсүз калат, башкача айтканда, шайлоо фонддорунун бардык чыгашалары жана кирешелери ачык көрсөтүлөт.

БШК шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга, ал эми айылдык аймактардын жергиликтүү кеңештерине өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен саясий партияларга жана жарандарга таандык экенин эске салды.

Талапкерлерди көрсөтүү аймактык шайлоо комиссиясына милдеттүү түрдө алдын ала кабарлоо менен партиянын съезддеринде же конференцияларында жүргүзүлөт.

Шаардык кеңештерге депутаттарды шайлоо пропорционалдык система, ал эми айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоо мажоритардык система боюнча өткөрүлөт.

Саясий партиянын бирдиктүү шайлоо округуна же көп мандаттуу шайлоо округуна талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечими жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

Эске сала кетсек, 6-сентябрда президенттин «Жергиликтүү кеңештерди таратуу жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгы чыккан. 484 жергиликтүү кеңеш таркалууга тийиш. 249 жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 17-ноябрга белгиленген.

Эң көп окулган жаңылыктар