18:34
USD 86.80
EUR 91.46
RUB 0.87

Жергиликтүү шайлоо: 17-ноябрда 9050 адам аралыктан добуш беришет

Жергиликтүү шайлоого Кыргызстан боюнча жалпысынан 9050 арыз түшкөн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, арыздардын 72 пайызы жаш шайлоочулардан (18-35 жаш) түшкөн. Арыз бергендердин арасында мамлекеттик органдардын жетекчилери, студенттер, аскер кызматкерлери, нөөмөт режиминде иштегендер бар.

Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы имаратында жайгашкан арыздарды кабыл алуу пункту тарабынан иштелип чыккан арыздардын эң көп саны — 2 миң 134.

Каракол шаарында аралыктан добуш берүүгө 1 миң 547 адам кайрылса, алардын басымдуу бөлүгүн «Кумтөр» ишканасынын кызматкерлери түзөт. Добуш берүү күнү алар нөөмөт менен иштешет жана шайлоо участкаларынан алыс жайгашкан жумуш орундарында болушат.

Боршайком аралыктан добуш берүүгө арыз жазган шайлоочуларды төмөнкү даректердеги шайлоо участоктору күтө тургандыгын эске салат:

• Бишкек ш., Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусу (М.Фрунзе көч., 547);

• Бишкек ш., Октябрь райадмин. имараты (Байтик Баатыр көч., 17);

• Бишкек ш., К.Баялинов атындагы китепкана (А.Огонбаев көч., 242);

• Бишкек ш., А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театры (Ю.Абдрахманов көч., 167);

• Ош ш., А.Навои атындагы орто мектеп (А.Масалиев көч., 37);

• Жалал-Абад ш., Б.Осмонов атындагы мамуниверситет (Т.Байзаков көч., 25);

• Каракол ш., К.Тыныстанов атындагы мамуниверситет (К.Тыныстанов көч, 26);

• Нарын ш., КР Президентинин Нарындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты(В.Ленин көч., 76);

• Баткен ш., Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеп (Ж.Момунов көч, 16);

• Талас ш., А.Токтогулов атындагы облустук китепкана (Ч.Айтматов көч., 353).

Бардык суроолор боюнча бул телефонго чалып суроого болот:+996 550 350 650

же түз байланыштын кыска номери — 1255.

Эң көп окулган жаңылыктар