12:19
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бүгүндөн тарта Бишкекте Сүйүмбаев-Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши 4 күнгө жабылат

24-сентябрдан 28-сентябрга чейин «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Сүйүмбаев-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишин убактылуу жаап жатат. Бул Чүй проспектисинен Москва көчөсүнө чейин майда таш мастик асфальт-бетонду төшөө иштерине байланыштуу жасалууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жолдун Жибек Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери 2024-жылга титулдук тизме боюнча жүргүзүлүүдө. Иштин алкагында асфальттын бир катмарын түшүрүү, эски бордюрларды алып салуу жана жаңысын орнотуу, ошондой эле түтүктөрдү алмаштыруу жана орнотуу кирет.

Айдоочулардан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле жасап, альтернативдүү жолдорду колдонууну суранабыз.

Эскерте кетсек, 2023-жылы бир эле аймакта жолдун эки тарабындагы тротуарды капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар