11:10
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Айгүл Айдарова: Муктаж үй-бүлөлөргө социалдык келишим түзүүгө мажбурлап жатышат

Кыргызстандын аймактарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жөлөк пулдан баш тартып, социалдык келишим түзүүгө аргасыз. Бул тууралуу депутат Айгүл Айдарова Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жеке бизнесин ачуу үчүн 100 миң сом аздык кылат.

«Алар бул акчанын кереги жок деп жатышат. Жөлөк пулду калтырышса жакшы болмок, анткени 100 миң сомго эч нерсе сатып алып, сата албайт. Көпчүлүк айыл өкмөт өкүлдөрү балдарга жөлөк пул бергиси келбей, бул акчаны алууга мажбурлап жатканын айтышууда», — дейт Айгүл Айдарова.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Жылдыз Полотова «100 миң сом өлчөмүндөгү социалдык жардамды берүүдөн мурун комиссия — бул акчага үй-бүлө бизнес-долбоорду ишке ашыра алабы же жокпу? Ошону баалайт», — деп жооп берди.

Эң көп окулган жаңылыктар