Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында мыйзам долбоору каралып жатканда депутат Айгүл Айдарова кесиптештерине нааразычылыгын билдирди.
Анын айтымында, каникул учурунда эл депутаттарынын биринин апасы каза болуп, Айдарова бара албай калган. Ошондон улам, депутат айым түшүндүрмө жасаган.
«Эгер апаң каза болуп калса, көрөт элем деген сөздү айтырбайм» деди. Кесиптештериме кайрылат элем, «ча-ча, па —ча» деген ушак айтууну токтоткула. Бирөөнүн апасы жөнүндө айтканга болбойт. Мындай сөздөр жүрөгүмдү оорутат", — деди ал.
Айгүл Айдарова куран окуттуга бара албай калганын, бирок кийинчерээк куран окута турганын билдирди.