03:32
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Бишкектин Лев Толстой көчөсү капиталдык оңдоодон кийин ачылды

Капиталдык оңдоодон кийин борбор калаадагы Лев Толстой көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ишти «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы жүргүзгөн.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы. Оңдоодон кийин Толстой көчөсү ачылды

Жолду капиталдык оңдоонун алкагында ирригация системасы жана бордюрларды орнотуу, ошондой эле дренаж үчүн кошумча скважина орнотуу, көпүрөнүн астындагы түтүктөрдү тазалоо жана алмаштыруу иштери жүргүзүлүп, люктар туураланып, шагыл-мастикалык асфальтбетон төшөлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар