23:02
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

«Барскоон-Каракол» жол тилкесин реконструкциялоо боюнча тендер жарыяланды

Транспорт министрлиги «Барскоон-Каракол» жол тилкесин реконструкциялоого тендер жарыялады. Бул тууралуу ведомствонун сайтында айтылат.

Транспорт жана жолдор министрлиги Ысык-Көл айланма жолунун бир бөлүгү болгон Барскоон-Каракол унаа жолунун 75,2 чакырым бөлүгүн реконструкциялоого тендер жарыялайт.

Ачык тендер «Бир этап: эки конверт» системасы боюнча Азия өнүктүрүү банкынын сатып алуу жол-жоболоруна ылайык өткөрүлөт.

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 2024-жылдын 25-октябрына чейин жүргүзүлөт

Эң көп окулган жаңылыктар