16:11
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Жогорку Кеңеште президенттин Нарын облусундагы өкүлүнө нааразычылык айтылды

Жогорку Кеңештин бүгүн, 5-сентябрдагы жалпы жыйынында депутат Гуля Кожокулова президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешовго Көк-Кыя айылынын тургундарынын нааразычылыгын айтты.

Депутаттын айтымында, айыл Ат-Башы районуна караштуу Ак-Сай өрөөнүнүн аймагында жайгашкан. Анын Кел-Суу көлү бар, ага туристтер, анын ичинде чет элдиктер көп келишет. Айыл Нарын шаарынан 130 чакырым алыстыкта, деңиз деңгээлинен 3 миң 600 метр бийиктикте жайгашкан.

«Айылда электр жарыгы жок, аны туташтыруу үчүн болгону 25 чакырым зымдарды тартуу керек. Мамлекет башчысынын облустагы өкүлү айылга бир да жолу барган эмес, жашоочулар ага кайрылганда ал жакка салык кызматкерлерин жиберип, туристтерден канча киреше таап жатканын текшерген», — дейт Гуля Кожокулова.

Анын пикиринде, президенттин өкүлүнүн эки жылдан бери бул кызматты аркалап, эң алыскы айылга барбай жатканы ишке болгон туура эмес мамиле экендигин айтты.

Эл өкүлү айылдын жанында эки чек ара бекети бар экенин, аларда интернетке кирбеген «Кынды» жана «Торугарт Муз Төр» бар экенин белгиледи. «Бизде көптөгөн байланыш операторлору бар жана чек арачыларды байланыш менен камсыз кыла албайбыз», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар