Кыргызстанда сасык тумоого каршы вакцинаны жеткирүү сентябрдын аягына чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынан билдирди.
Мамлекеттик ишкананын өкүлдөрүнүн айтымында, сасык тумоого каршы 67 миң 796 доза вакцинаны борборлоштуруп сатып алууга 20 миллион сом бөлүнгөн.
Салыштыруу үчүн: 2023-жылы вакцинанын 90,7 миң дозасы, 2022-жылы 82,7 миң доза сатылып алынган.
Эмдөө акысыз, биринчи кезекте, тобокелдик тобуна кирген адамдарга жасалат, атап айтканда:
медициналык кызматкерлер;
өнөкөт оорулары бар адамдар;
тез-тез ооруган балдар;
65 жаштан ашкан адамдар;
кош бойлуу аялдар.