22:53
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Бишкек ЖЭБ менен «Бишкекжылуулук» ишканасы расмий түрдө мэриянын балансына өттү

Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз жыйынында депутаттар «Электр станциялары» ААК тиешелүү «Бишкекжылуулук» ишканасы жана ЖЭБ филиалдарынын мүлк комплекстерин Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүүнү жактырышты.

Буга чейин Бишкек жана Ош шаарларынын ЖЭБтерин мэриялардын балансына өткөрүү Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан колдоого алынган.

Эскерте кетсек, Президенттин «Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгы менен министрлер кабинетине Бишкек шаарынын ЖЭБинин «Электр станциялары» ААК филиалдарынын жылуулук менен камсыздоо объектилерин жана Ош, «Бишкектеплосет» шаарлардын мэрияларына, ошондой эле «Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишканасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү тапшырылган.

Эң көп окулган жаңылыктар