22:03
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Бишкек мэриясы таштандыларды саат 19.00дөн кийин алып чыгууну суранат

Бишкек шаарынын мэри шаардыктарды таштандыларды саат 19.00дөн кийин алып чыгууну суранат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Айбек Жунушалиев борбор калаанын тургундарына жана конокторуна таштандыны саат 19.00дөн 00.00гө чейин чыгарууну ынандырарлык өтүнүч менен кайрылды.

Кайрылууда контейнерлер түн жарымынан тарта тазалана баштаганы, таштанды ташыган унаалар түнү бою саат 5.00-6.00гө чейин контейнерлерди тазалоо менен алек экени айтылат.

«Тилекке каршы, көп адамдар таштандыны эртең менен жумушка баратканда же күнү бою алып чыгышат. Кечке жуук контейнерлер толуп, ичиндеги таштандылар төгүлөт. Мындан улам жарандарды таштандыларды саат 19.00дөн 00.00гө чейин алып чыгууну суранабыз. Таң атканга чейин «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери контейнерлерди таштандыдан бошотуп, күндүз ашыкча толтурбай, тазалыкты сактоого жардам берет», — деп түшүндүрдү шаар башчысы.

Эске сала кетсек, бул демилге биринчи жолу мэрияда 2023-жылдын күзүндө жарыяланган.

Эң көп окулган жаңылыктар