11:50
USD 86.50
EUR 91.18
RUB 0.86

Мурдагы аким Тилек Матраимовго өкүм чыгарылды

Кара-Суу райондук соту мурдагы аким Тилек Матраимовго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, оор зыян келтирген деген айып менен өкүм чыгарды.

Соттун чечимине ылайык, экс-чиновник кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, кийинки үч жылга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу менен бир миллион сом айыпка жыгылган.

Сот өкүмү июнда чыкканы белгилүү болду. Айыпталуучу жана анын жактоочусу соттун чечимине макул болбой, жогорку инстанцияга аппеляциялык арыз менен кайрылышкан. Ош облустук соту райондук соттун чечимин өзгөртүп, 300 миң сом айып салды.

Эске салсак, 25-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте эл аралык издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовду Бакуда кармады. Аны менен бирге агалары Тилек, Руслан жана Исламбек да кармалган.

26-мартта Райымбек Матраимов Бакудан Бишкекке экстрадицияланган. «Ал Кыргыз Республикасынын жетекчилигине кол салуу аракетин даярдап жаткан азербайжандык эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун Кыргыз Республикасында кармалган мүчөлөрү менен байланышы бар экени белгилүү болду», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Райымбек Матраимовго карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси «Мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу» жана 222-беренеси «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)» боюнча кылмыш иши козголгон.

27-мартта Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовду 26-апрелге чейин УКМКнын СИЗОсуна камалган.

Райымбек Матраимов 2015-2017-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. 2020-жылдын октябрында бийлик алмашкандан кийин ал бажыдагы коррупцияга айыпталган. Бир эле кылмыш иши боюнча Райымбек Матраимовдун келтирген жалпы зыяны 2 миллиард сомду түздү. Алардын көбүн мүлк — имарат жана батир түрүндө берип, эки ай төлөп берген. Экс-бажы кызматкери күнөөсүн мойнуна алды. Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 260 миң сом айыпка жыккан.

26-январда УКМК Райымбек Матраимовго издөө салган. Күзүндө Кыргызстандан Түркияга, андан ары Дубайга кетиши мүмкүн экени айтылган.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары жана анын бир туугандары март айынын аягында Бакуда кармалып, Бишкекке жеткирилген. 26-апрелде алардын бири Тилек Матраимов камактан бошотулуп, үй камагына чыгарылган.

Эң көп окулган жаңылыктар