Бүгүн, 9-августта Париж Олимпиада оюндарында Бекзат Алмаз уулу көңүл жубатуучу беттешке чыкты.
Кыргыз балбаны 57 кг салмак ченинде күрөшүп, атаандашы кытайлык Ванхао Жуну 7:4 упай менен жеңди. Бекзат Алмаз уулу эми коло медаль үчүн күрөшөт.
Эске сала кетсек, кыргыз балбаны буга чейин 1/8 финалда казакстандык Мейрамбек Картбайды жеңип, ал эми чейрек финалда америкалык Спенсер Ричард Лиге утулуп калган.
Бекзат Алмаз уулунун америкалык атаандашы жарым финалда өзбекстандык спортчу менен болгон күрөштө финалга чыгып, кыргыз спортчусуна коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк берилген.
Эми кыргызстандык балбан коло үчүн өзбекстандык Гуломжон Абдуллаев менен күрөшөт.
Беттештер бүгүн саат 23:30да башталат.