USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

Париж-2024: Олимпиададан медаль уткан спортчулардын сый акысы айтылды

09:15, 12 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Париждеги Олимпиада оюндарында күмүш медаль уткан кыргызстандык спортчуларга 10 млн сом берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинети маалымдады.

Мээрим Жуманазарова менен Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиаданын күмүш медалын алышты. Буйруса экөө тең 10 млн сомдон алышат.

Ал эми коло байге ээлери мурда 5 миллион сомдон алышса, бу сапар 7 млн сомдон алышат. Кыргызстандан Париж олимпиадасынан Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жүзүпбеков, Акжол Махмудов жана Айсулуу Тыныбекова коло медалга ээ болушту.

Машыктыруучуларга жана дарыгерлерге да сыйлыктар каралган.

Эске салсак, Париж Олимпиадасы 26-июлда башталган. Ага Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышты. Алар спорттун беш түрү: күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөш), жеңил атлетика, сууда сүзүү, бокс жана дзюдо оюндары боюнча күч сынашты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18