Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин талдоосуна ылайык, акыркы жарым жылда өлкөдө көмүр керектөө 58 миң тоннага азайган. Бул тууралуу ведомствонун атмосфералык аба бөлүмүнүн башчысы Нурсултан Ташыбек уулу маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, суук мезгилде булгануунун негизги булагы турак жайларды жылытуу бойдон калууда, бул газдын 29 пайызын түзөт.
Нурсултан Ташыбек уулу газдаштыруу экологиялык жактан эң таза чечим экенин айтты. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 25 миңден ашык кожолук жаратылыш газына кошулду.
Башкармалыктын башчысы борбор калаанын абасын булгаган башка булактарды атады:
транспорт — 27 процент;
чаң — 21 пайыз;
ТЭЦ жана отканаларга — 11 пайыз;
таштандыларды күйгүзүү — 1-2 пайыз;
башка объектилерге — 1–2 процент.