Кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков Париждеги Олимпиада оюндарында коло медаль үчүн күрөшөт.
Акжол Махмудов коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттеште колумбиялык балбан Алексис Муньоз менен кез келип, 9:0 эсебинде жеңди.
Эми Махмудов 3-орун үчүн беттеште азербайжандык Санан Сулейман менен кез келет.
Ал эми Үзүр Жузупбеков грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 97 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, 1-раундда АКШдан келген Жозеф Патрик Рауну 9:4 эсебинде утуп алды.
Коло медаль үчүн күрөштө кыргызстандык балбан египеттик Мохамед Габр менен кез келет.
Финалдык блок Бишкек убактысы боюнча 22:15те башталып, медалдар үчүн беттештер 23:15ке белгиленген.