Парижде өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында кыргыз балбаны Үзүр Жузупбеков чейрек финалга чыкты.
Кыргызстандык спортчу грек-рим күрөшү боюнча 97 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, ага жалпысынан 16 спортчу катышууда.
Кыргызстандык 1/8 финалдан баштап, литвалык Миндаугас Венскайтис менен беттешти. Беттеш 4:1 эсебинде Жузупбековдун пайдасына аяктап, чейрек финалга чыкты.
Анын кийинки атаандашы ирандык Мохаммадхади Сарави болмокчу.