Бүгүн, 5-августта Олимпиада оюндарында эки кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова мелдешке чыгат.
Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча 60 килограмм салмак, Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 килограмм салмак категориясында беттешет.
Беттеш 19:00до башталат. Жалпы Кыргызстандын атынан 10 балбан өлкө намысын коргойт.