Кыргызгидромет билдиргендей, 3-августка караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +20...+25, күндүз +32...+37,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +30...+35,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20...+25, күндүз +33...+38,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13...+18, күндүз +25...+30.
Нарын облусунда түнкүсүн +13...+18, күндүз +28...+33.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +23...+25, күндүз +35...+37 градус болот.